Бишкекте трансулуттук уюшкан кылмыштуу баңги тобу кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ИИМ кызматкерлери «Манас» МБКнын бажы кызматкерлери менен биргеликте узак убакыттан бери тобдун мыйзамсыз ишмердигине байкоо жүргүзүп, анын туруктуу каналын түзгөн ар кайсы өлкөлөрдөн өсүмдүк тектүү баңгизаттарын Кыргызстан, андан ары Казакстан жана Орусияга сатуу максатында жеткирүү менен алектенген адамдарды кармашкан. Алар Таиланд мамлекетинен баңгизатынын өзгөчө ири партиясын азык-түлүккө жашырылган гибриддик марихуананын келишин күтүп жаткандыгы аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңги топтун активдүү мүчөлөрү чет мамлекеттин жараны 1978-жылы туулган С.Н., ошондой эле Кыргызстандын жарандары 1986-жылы туулган С.А. жана 1978-жылы туулган С.К., мындан тышкары баңги каналынын уюштуруучусу 1994-жылы туулган Казакстандын жараны Б.Т. кармалышкан.
"Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизаттын көмүскө баасы 10 миллион сомго бааланууда. Атайын операциянын натыйжасында трансулуттук кылмыштуу баңги тобу жок кылынды", - деп кошумчаланган маалыматта.