Башкы прокуратура Оштогу мөңгүлөрдү талкалагандарга кылмыш иши козголгонун билдирди

Ошто "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү филиалынын кызмат адамдары жеке ишкерлерге көмүр казууга бара жаткан жолду курууга уруксат берип, алар 9392 метр куб мөңгүлөрдү талкаланганы аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекеттик ишкананын кызмат адамдары «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузган. Алар кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, «С» ЖЧКсына көмүр кенин казып чыгаруучу жерге барууга жол куруу үчүн уруксат берүүчү документтери жок туруп макулдук берген. Анын натыйжасында Ош токой чарбасынын Загара-2 участкасында узундугу 6100 метр, туурасы 9 метр (29 400 м2) болгон жолду мыйзамсыз кургандыгынын натыйжасында 9392 м2 аянттагы мөңгүлөр талкаланып, жер кыртышы бузулгандыгы аныкталган.

Бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында экологиялык коопсуздук талаптары бузулуп, аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 298-беренеси (Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү тергөөнүн алкагында дайындалган тийиштүү экспертизалардын жыйынтыгына ылайык аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан