Израиль БУУнун Ливандагы штаб-квартирасына сокку урду

Израилдин коргонуу күчтөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Ливандагы убактылуу тынчтык орнотуучуларынын штаб-квартирасы жайгашкан объектиге чабуул жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Израиль армиясы Рас-эн-Накурадагы штаб-квартирасында БУУнун убактылуу тынчтык орнотуучуларынын байкоочу мунарасына чабуул жасады", - деп айтылат билдирүүдө.

Агенттиктердин маалыматына караганда, миссиянын позицияларына жалпысынан үч жолу сокку урулган, алардын бири байкоочу мунарага тийген. Кол салуудан эки тынчтык орнотуучу жараат алган.

Эске салсак, буга чейин 1-октябрда Израиль Газа тилкесинин түндүгүндөгү БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү жана иш боюнча агенттигинин мектебине сокку урган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан