Казакстанда турак жай өрттөнүп, бир үй бүлөнүн беш баласы каза болду

Казакстандын Костанай облусунун Житикара шаарында өрт чыгып, түнкүсүн үйдө жалгыз калган беш өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Каргаша бүгүн, 11-октябрь таңкы саат саат 04:29 чамасында болгон. Жеке турак жайда өрт чыгып, анын кесепетинен чатыры урап түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар 7 мүнөттүн ичинде барышкан. Бирок үй толугу менен күйүп кеткен. Саат 06:08де өрт курчоого алынып, толугу менен өчүрүлгөн.

Урандыларды тазалоо учурунда беш жашы жете элек баланын сөөгү табылган. Алар: 2016, 2018, 2019, 2022, 2023-жылы туулган. 2011-жылы туулган балдардын улуусу жабыркаган эмес.

Маалым болгондой, алар өрт учурунда чоңдордун көзөмөлү жок үйдө болушкан. Алдын ала маалымат боюнча, балдардын апасы кечинде досуна барган. Ал эми күйөөсү камакта.

Учурда окуянын себептери иликтенип жатат. Жергиликтүү бийлик үй-бүлөгө бардык керектүү жардамдарды, анын ичинде материалдык жардам көрсөтүүнү убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан