Өлкөдө мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 4-ноябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө буйругунда көрсөтүлөт.
Ага ылайык, окуу 11-ноябрда башталат.
"Окуучулардын күзгү каникулу 4-ноябрда башталып, 10-ноябрга чейин созулат. Сабактар 11-ноябрда башталат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл окуу жылы 2-сентябрда башталган, 26-майда аяктайт.