Транспорт министрлиги: Казынага 9 айдын ичинде 86 миллиондон ашык сом түштү

Өлкө боюнча 9 айдын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 520 миң 794 унаа текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6150 протокол түзүлдү.

"Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында 9 айда бюджетке бардыгы 86 миллион 248 миң 226 сом чегерилди", - деп айтылат маалмытта.

Ал эми текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан