Бүгүн, 11-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында №87 "Акылман" мамлекеттик бала бакчасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.
Ош облусундагы өкүлчүлүктүн берген маалыматына ылайык, аталган балдар бакчасы УКМК жана Чек ара кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн курулган. 150 балага ылайыкташкан мекемеде балдар үчүн заман талабына ылайык бардык шарттар түзүлгөн.