Талас облусунда Транспорт министрлиги тарабынан асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Транспорт министрлиги билдирди.
Талас облусунун төмөнкү аймактарындагы ички жолдорго асфальт басылууда:
- Ключевка–Май–Бакыян унаа жолундагы Р. Жанаев көчөсүнө 3 чакырым асфальт төшөлдү. План боюнча 6 чакырым каралган, 3 чакырым асфальт төшөөгө жол негизи даярдалып бүттү.
- Талас–Нылда–Покровка автожолунун 7 чакырымын асфальттоо каралган. Аталган жолго 3,2 чакырым асфальт төшөлүп бүттү. Ал эми калган 2 чакырымына асфальт басуу пландалып жатат жана жер негизин даярдоо иштери жүрүүдө.
- Аманбаев-2ф–Лущихин унаа жолуна 4 чакырым асфальт басууга жол негизи даярдалып жатат. Жакынкы күндөрү асфальт төшөлөт.