Төө-Ашууда кар жаап, туман болуп жатат (видео)

Бүгүн, 14-октябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда туман болуп, кар жаап жатат. Буга байланыштуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга эскертүү берди.

Билдирүүгө ылайык, башкармалык айдоочуларды унаа жолдо бардык коопсуздук жол эрежелерин так сактоого жана унаанын дөңгөлөгүн кышкыга которуп жолго чыгууга чакырды.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын өздүк курамы Бишкек-Ош унаа жолунда кызмат өтөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан