Кыргызстанда биринчи жолу «Солар» компаниялар тобунун колдоосу менен Beeline SkySOC тарабынан уюштурулган масштабдуу киберокуу өткөрүлдү. Beeline Security Capture the Flag деп аталган иш-чара чоң кызыгууну жаратты – катышуу үчүн каралган 200 орундун баары тең эң кыска мөөнөттө толду.
Кибер машыгуунун максаты - катышуучулардын маалыматтык коопсуздук боюнча кабардар болуусун жогорулатуу жана бул маанилүү чөйрөгө кеңири аудиториянын көңүлүн буруу. 24 сааттын ичинде катышуучулар маалыматтык коопсуздук жана киберчабуулдар менен байланышкан реалдуу көйгөйлөрдү чечишти.
Beeline Security Capture the Flag программасынын жеңүүчүлөрү:
Мындай масштабдагы киберокуулар Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканын жана көбүнүн мындай мелдештерге катышуу тажрыйбасы жок экенин эске алып, иш-чаранын өнөктөшү Axoft кошумча эки катышуучуну бөлүп көрсөтүүнү чечти. Жеңишке болгон эрки үчүн атайын сыйлыктар Тухтасинов Абдулбоситке жана Умаров Айдилге берилди.
Мындан тышкары, кээ бир катышуучулар өзгөчө жетишкендиктери үчүн SkySOC сыйлыктарын алышты:
— Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана бардык катышуучуларга аракетчилдиги жана жеңишке болгон каалоолору үчүн ыраазычылык билдиребиз! — дейт Beeline Кыргызстандын киберкоопсуздук бөлүмүнүн башчысы Борис Кочерижкин. — Бул биздин экинчи иш-чарабыз жана биз Кыргызстанда маалыматтык коопсуздукту илгерилетүү жана чыңдоо боюнча ишти улантууну көздөп жатабыз. Жакынкы келечекте компания киберкоопсуздук боюнча профессионалдык курстарды ачууну пландаштырууда, алар башталгычтарга да, тажрыйбалуу адистерге да жеткиликтүү болот. Бул тууралуу кийинчерээк сөзсүз билдиребиз.
Бул мүмкүн! Бул Beeline!