Бишкек шаарындагы Сүйүмбаев жана Гоголь көчөлөрү эки тараптуу болот. Бул тууралуу калаа бийлигинин бүгүн, 14-октябрдагы маалыматында айтылат.

Билдирмеге караганда, бул иштер жолдордогу тыгындарды жоюу жана алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатат.

"Эми Сүйүмбаев көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин эки тараптуу болот.

Курулуш жана оңдоо иштери аяктагандан кийин Огонбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин ортосундагы тилке да эки тараптуу кыймыл үчүн ачык болот. Жумабек жана Москва көчөлөрүнүн ортосундагы Гоголь көчөсү эки тараптуу болот", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Гоголь көчөсү Сүйүмбаев көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу эки тараптуу болгон.