Ош облусунун Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы 275 орундуу №60 Абдылдаев атындагы мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Аталган мектептин жалпы аянты 2142 чарчы метрди түзгөн билим берүү объектиси долбоор боюнча 3 блоктон эки кабатуу окуу корпустан туруп, спорттук зал, ашкана, балдардын жана кыздардын кол эмгек класстары, футболдук, волейболдук оюн аянтчалары каралган.
Мектептин курулушуна 75,4 миллион сом каражат бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен курулуп баштаган.