Бишкектеги муниципалдык фонтандар өчүрүлөт

15-октябрдан тарта Бишкектеги муниципалдык менчиктеги фонтандар өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, өчүрүлгөндөн кийин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары фонтандардын бассейндеринен сууну агызып, тазалоо иштерин башташат.

"Анын ичинде "Ала-Тоо" аянтындагы фонтан топтору да өчүрүлөт. Кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында подряддык уюм бардык фонтан курулуштарын консервациялоону, анын ичинде сууну агызууну, системаларды тазалоону жана коргоочу конструкцияларды орнотууну жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандар реконструкциядан кийин 2024-жылдын 21-сентябрында ачылган.

Ошондой эле бул аралыкта 100 миңге жакын жарандар жана борбор калаанын коноктору "Ала-Тоо" аянтына келишти. Саат 20:00дөн 23:00гө чейин келгендердин чоң агымы байкалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан