Кыргызстандык журналисттер Казакстандагы туристтик жайларды кыдырып кайтышты (сүрөт)

Кыргызстандык журналисттер Казакстандын туристтик жайларын кыдырып кайтышты. Иш сапар 10-октябрдан 14-октябрга чейин созулуп, 4 күнгө уланды. Анда Кыргызстандан барган топ Астана шаарындагы Жалпыга маалымдоо каражаттарына, Казакстандын президентинин ордосуна барышты. Мындан сырткары бир катар туристтик жайларда болушту.

Казакстандын президентинин орталыгы (борбору)

Казакстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушуу учуру

Иш сапардын экинчи күнүндө журналисттер Бурабай тоосуна барып, ал жактан Окжетпес аскасын жана Абылай хандын ордосун көрө алышты. Окжетпес Бурабай көлүнүн жээгинде жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 300 метр бийиктикте турат. Көптөгөн уламыштарга жана жомокторго байланган Окжетпес тоосу Бурабайдын эң белгилүү табигый кооз жерлеринин бири болуп эсептелет. Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда, тоонун аты Окжетпес деп аталып калышынын дагы себеби бар. Уламыштар боюнча аталган тоонун жанында бир бай жашаган, анын бир кызы болгон. Ошол кызы өзүнө жар издеп, ушул тоонун башына барып отурган. "Ким жаа атып мага жеткирсе ошол мырзага турмушка чыгам" деген экен, бирок эч ким ага жеткире алган эмес. Ошондон улам тоонун аты Окжетпес аталыптыр.

Абылай хандын ордосу жана ал отурган так.

Ошону менен катар кыргызстандык журналисттер Бурабайда жайгашкан Мультимедиалык интерактивдүү комплекске барып, казак элинин тарыхы менен таанышып өттү. Аталган комплекс заманбап технология менен жасалган. Ал жерге барган коноктор Казакстандын тарыхы, өлкөнүн эң кооз жерлерин жана Абылай хандын басып өткөн жолун көрө алышыт. Аталган жай жети бөлүктөн туруп, ар бири өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

Мындан сырткары сапардын алкагында Кыргызстандан барган топ коңшу мамлекеттин бир топ туристтик жайларын жана Астана шаарындагы эң кооз объекттилерди көрө алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан