Улуттук банк эски доллар жүгүртүүдөн чыгарылды деген маалыматты четке какты

Улуттук банк эски үлгүдөгү долларды жүгүртүүдөн чыгарды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы банк бүгүн, 15-октябрда билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк "ак" (эски) долларды колдонуудан чыгарды. Буга байланыштуу коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлар бул валютаны кабыл албайт деген маалымат тараган.

"Улуттук банк башка өлкөлөрдүн валюталарын, бул учурда АКШ долларларын жүгүртүүдөн алууга укуктуу эмес. Белгилей кетсек, эл арасында “ак” доллар деп 1996-2006-жылдары чыгарылган АКШ долларын аташат. Анткени алар агыш түс менен айырмаланат" деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана акча алмаштыруу бюролору кандайдыр бир чектөөлөрдү жана төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жоктугу белгиленет.

"Эгерде валютаны алмаштыруудан негизсиз баш тартууга туш болсоңуз, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын алкагында тиешелүү чараларды көрүү үчүн Улуттук банкка жазуу жүзүндө кайрылсаңыз болот" дешти башкы банктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан