Биз социалдык тармакта

"Ош базарга" барам". Бишкекте 72 жаштагы Токтобүбү Жалилова дайынсыз жоголду

Бишкекте 72 жаштагы Токтобүбү Жалилова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 14-октябрда райондук милицияга О.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 1952-жылы туулган апасы Токтобүбү Жалилова ошол эле күнү эртең менен "Ош базарга" барам" деп Алтын-Казык жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирген.

Өзгөчө белгилери: чачы узун, көзү кара-күрөң, бою 155-160 сантиметр.

Кийген кийимдери: Күрөң түстөгү плащь, сумкасы күрөң түстө, башында ак түстөгү жоолук.

Жогорудагы жарандын жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар 0553 10-21-23 жана 102 телефон номурларына чалып, кабарласа болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан