Актриса, модель Мээрим Атантаева менен жолдошу Адилеттин үйлөнүү үлпөт тою болду. Ал Инстаграм баракчасына үйлөнүү тоюндагы видеосун жүктөгөн.
Анда Атантаева видеонун астына: "10.10.2024. Биздин үй-бүлөбүздүн туулган күнү. Баарыңыздардын жылуу пикирлериңиздерге ыраазычылык", - деп билдирүү калтырган.
Ал эми видеонун алдына күйөрмандары, достору, жакындары жаш жубайларга каалоо-тилектерин калтырышууда.
Буга чейин актриса Инстаграм баракчасына сүрөт жүктөп, "Жолдошум" деп билдирүү калтырган.