Кыргызстанда вакцина өндүрүү боюнча завод куруу маселеси талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев «Yangling Jinhai Biotechnology» Co., Ltd компаниясынын төрагасы Лю Янлин менен жолугушту. Бул боюнча Айыл чарба министрлиги бүгүн, 16-октябрда кабарлады.
Анын жүрүшүндө айыл чарба жана биотехнология тармагында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда шарп ылаңына каршы вакцина чыгаруучу жабык циклдеги заводду ишке киргизүү маселелери талкууланды.
"Долбоор өндүрүштүк циклдин бардык этаптарын: малды багып, бордоп семиртүүдөн баштап, эмдөө жана мал союучу жайга чейин толук камсыздоону камтыйт. Талкуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун чыңдоо жана айыл чарба жаныбарларынын арасында жугуштуу оорулардын таралуу коркунучун олуттуу төмөндөтүүчү жогорку сапаттагы вакциналарга ички суроо-талапты камсыздоо үчүн бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Лю Янлин «Yangling Jinhai Biotechnology» Co., Ltd компаниясынын заводдун курулушуна инвестиция салуу, алдыңкы технологияларды өткөрүп берүү жана жергиликтүү адистерди даярдоо багытында кызматташууга даярдыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде Төрөбаев өлкө долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, анын айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн стратегиялык маанисин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
Тараптар долбоордун конкреттүү этаптары боюнча жана мындан аркы кадамдарды координациялоо үчүн жумушчу топ түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан