Бүгүн, 16-октябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 226 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 375 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 294 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бир ай мурда 12 миллиард 842 миллион куб метрди түзгөн.