Бүгүн, 16-октябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик желек аба ырайына байланыштуу түшүрүлдү. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөт, видеолор жарыяланууда.
Буга чейин мэрия мамлекеттик туу бир нече учурларда түшүрүлө турганын билдирген. Анда желек өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланганда, туруксуз аба ырайы болгон учурда жана оңдоп-түзөө же алмаштыруу маалында түшүрүлө турганын айткан.
Белгилей кетсек, мамлекеттик туу 100 метр бийиктикте орнотулган. Ал эми узуну 33 жана туурасы 17 метрди түзөт.