Кара-Балтада 18 жаштагы жаран кошунасын бычактоого шектелип кармалды

Чүйдүн Жайыл районунда денеге оор залал келтирүү фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде 4 жаран спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкен. Натыйжада 18 жаштагы жаран кошунасын бычактап салган. Жабырлануучу аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертиза дайындалган. Ал эми шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан