Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча жаш спортчулары дүйнө биринчилигинен 5 медаль менен катты

Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы дүйнө биринчилигинде байгелүү орундарга ээ болушту. Бул туурасында бүгүн, 15-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, аталган спорттун түрү боюнча мелдеште кураманын спортчулары 5 медаль тагынган. Алардын экөө күмүш, үчөө коло.
Өспүрүмдөр арасында 41 килограммга чейинки салмакта Даниел Талантбеков жана +80 килограмм салмак категориясында Надим Фаизов күмүш медалга ээ болушту.
Ал эми Данияр Абдуманапов, Кудайберген Султанкулов жана Арсен Шаймергенов 3-орунду ээлеп, коло медалдар менен сыйланышты.
Айта кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Урмат Токталиев жана улук машыктыруучулар Алимжан Таджибаев менен Искендер Нарбаевдин жетекчилиги алдында катышты.
Белгилей кетсек, дүйнө биринчилиги Өзбекстандын Бухара шаарында 11-14-октябрь күндөрү болуп өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан