Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги ЖОЖдор менен колледждерге киргизилген жаңы окуу графигин өзгөртүүнү өтүнүп, президенттик аппаратка кат жолдоду. Маалыматты бүгүн, 16-октябрда министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилей кетсек, ушул жылдын августунда калаадагы жол тыгынын жоюу максатында окуу графиги өзгөртүлгөн. Ага ылайык, жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде сабактар 10:00дөн кийин башталса, ал эми мектептердеги сабактар саат 8:00гө чейин башталат.
11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар окуу графигине нааразы болуп, маселени кайра карап чыгуу керектигин айтышкан.
Маалымат үчүн: Бишкекте 121 мектепте 228 миң 9 бала окуйт. Ошондой эле 129 кесиптик билим берүү уюму (36 жогорку, 77 орто кесиптик окуу жайы жана 16 кесиптик лицей) жайгашкан, аларда 167 727 студент билим алат.