Ат-Башыда дайынсыз болуп жаткан Назира Сейитова табыла элек 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда дайынсыз болуп, изделип жаткан 47 жаштагы Назира Сейитова табыла элек. Бул тууралуу аймактык милициядан бүгүн, 16-октябрда кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 28-майында Ак-Муз айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү кара, чачы кара, узун, каратору.

Кийген кийимдери: башында чаар жоолук, көк түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү шым, бутунда кара, кыска маасы-көлөч.

Жогорудагы жаран тууралуу маалымат билгендер төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0999 10 60 70, 0700 10 60 44, (102, 03534 23283)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан