Баш байге 500 миң сом... Ак илбирстин логотибин иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланды

Өлкөнүн улуттук символу болгон Ак илбирстин логотибин иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу жаратылыш министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, сынак сейрек кездешүүчү жырткычты сактап калууга жана анын Кыргызстандын экосистемасындагы маанилүү ролуна көңүл бурууга багытталган.

"Эң мыкты логотип Кыргызстандагы ак илбирсти коргоо боюнча жаратылышты коргоо программаларынын расмий символу болуп калат.

Конкурстун максаты ак илбирсти улуттук жана дүйнөлүк деңгээлде жайылтуучу уникалдуу логотипти түзүү, ошондой эле Кыргызстанга туризмди жана жашыл инвестицияларды колдоо болуп саналат", - деп билдирди министрлик.

Ага ылайык сынакка дизайнерлер, сүрөтчүлөр, ошондой эле бардык креативдүү дизайн студиялары жана жеке адамдар катыша ала тургандыгы айтылган.

Ал эми конкурстун талаптары боюнча логотип оригиналдуу, вектордук, масштабдуу, үч түстөн ашпаган жана ак илбирстин сүрөтүн камтышы керек.

Конкурстун жеңүүчүсү 500 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык, ошондой эле Кыргызстандын "Улуттук символунун логотибинин автору" деген ардактуу наам алат. Сынактын жыйынтыгы 25-ноябрда жарыяланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан