Бишкектеги "Фаиза" тамактануучу жайдын ичине жеңил унаа кирип кетти. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жайылууда.
Видеодо Honda fit үлгүсүндөгү унаа адамдар тамактанып отурган учурда кафенин айнек-терезелерин сүзүп кирип барган.
Күбөлөрдүн айтымында, аталган окуя Жибек-Жолу проспектесинде жайгашкан "Фаиза" кафесинде орун алган.