“Электр станциялары” ААКсынын бүгүн, 17-октябрдагы маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 238 миллион куб метрди түздү.
Ага ылайык, суунун агып келиши секундасына 388 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 253 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, былтыр, 2023-жылы бул күнү суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 875 миллион куб метрди түзгөн.