Лондондо Кыргызстанда тартылган "Жети уруу, жети ата" даректүү тасмасынын бет ачары болду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фонду маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара "The Garden Cinema" кинотеатрында өткөн. Тасманы австралиялык режиссёр Питер Девис тарткан.
"Жети уруу, жети ата" тасмасында кыргыздын маданий каада-салттары, көк бөрү, бүркүт менен мергенчилик, Бишкектин заманбап шаар турмушуна, автоунаа маданиятына карама-каршы коюлган.
Режиссёр Питер Дэвистин айтымында, тасманын соңунда көрүүчүлөр кыргыз маданияты тууралуу кененирээк маалымат алышып, аны жогору баалашкан.