Автобуска кошумча бак орнотуп, коңшу Казакстандан күйүүчү май ташыган автобустар аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө жайынан кошумча бак орнотуп, коңшу өлкөдөн мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 3 автобус кармалган.
Учурда бул автобустардын айдоочуларына мыйзамсыз кошумча бак орноткондугу үчүн укук-бузуулар кодексинин негизинде 16 миң 500 сом айып салынып, автобустар айып короого токтотулду.