Ала-Бука районунун тургуну жайыт жерди туура эмес колдонгону үчүн айыпка жыгылды 

Жалал-Абадда жайыт жерин туура эмес колдонгон жаранга айып салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука айыл аймагындагы Баймак айылынын Кескен-Таш участкасынан Д.К. аттуу жеке жаран райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чачыранды алтынды казып алууга берилген күбөлүктөгү жер аянтын казбай, башка айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтынын күрдүү катмарын бузуп жибергендиги аныкталган.

Натыйжада аталган жаранга 537 миң 600 сом доо коюлуп, 5 500 сом айып салынганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан