Таш көчкү түшкөн Арал-Казарман жол тилкеси каттамдар үчүн бир тараптуу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолундагы Арал-Казарман тилкесиндеги 270-271-чакырымдар аралыгы тазаланды. Бул туурасында бүгүн, 17-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, учурда унаалар үчүн бир тараптуу каттам берилди. Жеринде № 18 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат.
Министрлик азыркы тапта бир тараптуу каттам бар экенин, тазалоо иштери уланып жаткандыгын маалыматта кошумчалаган.
Белгилей кетсек, кечээ, 16-октябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоо бетинен таштар кулап, жолдун аталган аралыгын жаап калган. Таш көчкүнүн көлөмү болжол менен 3000 метр кубду түзүп, тазалоо иштери дароо башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан