Ат-Башы районунун тургуну 8 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну 8 килограмм 580 грамм баңгизат менен кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, 12-октябрда райондук жана облустук баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунан VOLVO-FH үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа токтотулган.
"Текшерүү учурунда унаадан бир даана боз түстөгү капка салынган өсүмдүк тектүү өзгөчө жыты бар зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат марихуана экендиги аныкталган. Анын жалпы салмагы 8 килограмм 580 граммды түзгөн.
Аны Ат-Башы районунун туругуну Жети-Өгүздөгү талаалардын биринен алып келе жатканын айткан", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары кармалган 1977-жылы туулган Ат-Башы районунун тургуну И.У. соттун чечими менен 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан