Өлкөдөгү ооруканаларга 20 "Тез жардам" унаасы тапшырылды (сүрөттөр)

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына "Тез жардам" унаалары тапшырылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чара эски аянтта республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Автоунаалардын ачкычын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

Министр белгилегендей, президенттик фонддон бөлүнгөн 20 "Тез жардам" унаасын саламаттыкты сактоо тармагына өткөрүп берүү ыкчам медициналык жардам көрсөтүүнүн оперативдүүлүгүн кыйла жогорулатат жана калк үчүн, өзгөчө алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардын жашоочулары үчүн медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан