Эртең, 18-октябрда Ысык-Көл, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында түнкүсүн жаан-чачын жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 ... +3, күндүз +9 ... +14
Таласта түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +11 ... +13
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5 ... +7, күндүз +17 ... +19
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +10 ... +12
Нарын жергесинде түнкүсүн -2 ... -4, күндүз +6 ... +8
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +12 ... +14 жылуу болот.