Скутер, мопеддерди жөө адамдар жүрчү тилкеде айдоого тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин демилгеси менен "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү документ коомдук талкууга коюлду.

Анда мопед жана жеке мобилдүүлүк каражаттары менен (электросамокаттар, самокаттар, скутерлер, гироскутерлер жана башка ушуга окшош каражаттар) жөө адамдар басчу жолдо жүрүүгө тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай каражаттардын айдоочулары бир колдоп айдабаганга, туулга, колду жана тизени коргоочу каражаттарды тагынууга милдеттендирилет.

"Акыркы жылдары бул унаалар катышкан жол кырсыктары көбөйүп, айдоочулардын да, жөө жүргүнчүлөрдүн да коопсуздугуна коркунуч жаратууда", - деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан