ИИМ "акчаңарды алып берем" деген Нурлан Мотуевдин ишин иликтей баштады

Акчасын алдаткан жарандардын акчасын кайтарып берүүгө убада кылып, социалдык тармактардан жарыя кылып жаткан Нурлан Мотуевдин иши иликтене баштады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Жыйында депутат Камила Талиева айласы кеткен жарандар Нурлан Мотуевге кайрылып жатышканын айтып, анын аракети мыйзамга канчалык туура келерин сурады.

Нурбек Абдиев Нурлан Мотуевдин бул аракети боюнча юридикалык баа берилерин айтты.

"Кечээ күнү Нурлан Мотуевге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз", - деди Абдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан