Керектүү адистер өлкөдө даярдалат. Бишкекте А.Бакаев атындагы УКМКнын академиясы ачылды (видео)

Бүгүн, 17-октябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы академиясынын ачылыш аземине катышты. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Анда мамлекет башчысы катышуучуларды академиянын ачылышы менен куттуктап, дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканына көңүл бурдурду.

“Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болмокчу. Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат”, - деди мамлекет башчысы.

Президент атайын кызматка керектүү адистер Орусиядагы адистештирилген аскердик окуу жайларында окуп келишкенин эске салды. Эми бул багыттагы адистер академиядан даярдалып чыгарын кошумчалады.

Академия мындан сырткары чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Мында аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттө окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык мөөнөттөгү кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулган.

Мамлекет башчысы ачылыш аземинен кийин окуу жайдын инфратүзүмү менен таанышып, болочок адистердин окуулары жана машыгуулары өтүүчү заманбап окуу жана аскердик корпустарды кыдырды. Ал ошондой эле музей, спорттук зал жана курсанттардын ыңгайлуу жашоосун камсыздаган жатакананы көрүп чыкты. Кыдыруу учурунда Президент улуттук коопсуздук кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын жакшыртуу жана саламаттыгын бекемдөө үчүн жасалган стадиондо жана жабык бассейнде да болду.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин академиясын түзүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 6-февралда кол койгон. Академия УКМКнын генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында түзүлгөн.

УКМКнын академиясы ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан