Түркиянын Малатья провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен 187 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.
"Үч имарат жарым-жартылай урап түшкөн. Учурда жаракат алган 43 жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп кошумчалады бөлүм башчы.
Эске салсак, кечээ, 16-октябрда Малатьяда 6,1 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Жер титирөө Малатья провинциясында гана эмес, эки коңшулаш Диярбакыр жана Элязыг шаарларында да сезилген.