Чаткалда жоголгон 6 кишини издөө үчүн тик учак жөнөп кетти (видео)

Чаткалдагы Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө иштерин улантуу максатында бүгүн, 18-октябрда саат 07:30да тик учак Ош шаарынан Чаткалга учуп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Тик учак министр Бообек Ажикеевдин жеке буйругу менен жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан.
16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Ошондой эле куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышып турушат.
Чаткалда жоголгон 6 кишини издөө үчүн тик учак жөнөп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан