Ошто өзгөчө балдардын инклюзивдүү спектакли коюлду

Ош шаарындагы Бабур атындагы театрда “Шалкан” аттуу инклюзивдүү спектаклдин премьерасы өттү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, театр сахнасында алгачкы жолу майыптыгы бар, өзгөчө балдар театр чеберлери менен биргеликте өз өнөрлөрүн тартуулашты.
"Өзгөчө балдар август жана сентябрь айларында Бабур атындагы театрдын актёрлорунан жана режиссёрунан сахна чеберчилиги, вокал, хореография, сахнадагы кыймылдардын координациясы, пластика жана бий боюнча билим алышкан", - деп айтылат маалыматта.
Маданий иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, “Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү катышып, жаш артисттерге ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле атайын белектерди тапшырышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан