Сокулук районунда 2009-жылы туулган Коновалова Софьи Викторовна дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын туугандары милицияга арыз менен кайрылышып, 5-октябрь күнү Военно-Антоновка айылында жайгашкан үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айтышкан.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, көздөрү күңүрт жашыл түстө, чачы кара.
Кийген кийимдери: ак ветровка, кара шым, ак түстөгү бут кийим.
Милиция Коновалова Софьини көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0312 607 567, 0313 45380, 0700 040 006, 0558 861 486.