Жалал-Абадда 40 жаштагы жаран бычак жеп каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-октябрда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык милициясына 16-октябрь күнү саат 18:40 чамасында облусттук оорукананын "Тез жардам" кызматы Сузак районунун 40 жаштагы тургуну бир тууган балдызы тарабынан бычакталганын кабарлаган. Факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Өзгөн районунун 21 жаштагы тургуну жездесин бычак менен бир нече жолу сайып жибергендиги такталаган. Натыйжада жездеси окуя болгон жерде көз жумган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.