Балыкчы шаарында окуучу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Кечээ, 17-октябрь күнү саат 17:10 чамасында Балыкчы шаарындагы Туманов жана Аманбаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу 2011-жылы туулган М.А. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында кызды сүзгөн Honda Fit унаасы экени аныкталып, айдоочусу кармалган. Ал 1980-жылы туулган У.А. аттуу жаран болгон.
Учурда айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.