Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайды үйдүн короосуна таштап кетишти. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.
18-октябрда милицияга жаңы төрөлгөн баланы жеке үйдүн короосуна таштап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Ташталган ымыркай үй-бүлөнү жана балдарды коргоо кызматынын адистерине өткөрүлүп берилген.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн аякташы менен юридикалык баа берилет.