Кыргызстанда өрттөн жана башка табигый кырсыктардан турак жайларды камсыздандыруу милдеттүү болуп саналат. Эгерде үй же батир камсыздандырылбаса, анда өзгөчө кырдаал учурунда мамлекет кыймылсыз мүлктү калыбына келтирүүгө жардам бербейт. Мындай билдирүүсүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалымат катчысы Анжелика Акылбекова SUPER.KG порталына билдирди.
Ал 2016-жылдан тартып “Кыргызстанда өрттөн жана башка табигый кырсыктардан турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам колдонулуп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле Акылбекова камсыздандыруунун жол-жоболоруна токтолуп, суроолорго жооп берди.
Кандай турак жайды камсыздандырса болот?
Жеке турак үйдү, турак үйдүн бөлүгүн, көп батирлүү үйдөгү батирди, коммуналдык батирди, коммуналдык батирдеги бөлмөнү, адистештирилген турак жай фондусунун үйлөрүндөгү бөлмөнү, мейманкана тибиндеги турак үйдү.
Камсыздандыруу учуру болуп эмне эсептелет?
· Өрт, анын ичинде камсыздандырылган жайдан сырткары чыккан өрт.
· Өрттү өчүрүүнүн натыйжасында суунун кирүүсү.
· Табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктары.
· Табигый кырсыктардын коркунучун жарыялоого байланыштуу мамлекеттик органдын чечими боюнча коопсуз чөлкөмгө турак жайды жайгаштыруу жана көчүрүү.
Турак жайды камсыздандыруу канча турат?
Айыл жери үчүн турак жайды камсыздандыруунун наркы жылына 600 сомду, ал эми шаар үчүн жылына 1 200 сомду түзөт. Эгерде сиздин үй толук талкаланса же күйүп кетсе, анда сиз Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан айылда 500 миң сом, шаарда 1 миллион сом аласыз.
Маанилүү: Камсыздандыруу тарифи сиздин үйдүн көлөмүнө карата эмес, анын шаарда же айыл жеринде жайгашкандыгына байланыштуу болот.
Эгерде камсыздандыруунун суммасы зыяндын ордун толтура албаса?
Эгерде сиз компенсациянын суммасы зыяндын ордун толтура албасын күн мурунтан билсеңиз, анда милдеттүү камсыздандыруудан тышкары өз үйүңүздү Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунда турак жайды камсыздандыруунун ыктыярдуу түрү менен сизди канааттандырган суммага кошумча камсыздандыра аласыз. Анда сизде эки камсыздандыруу болот.
Жеңилдетүүлөр барбы?
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан бекитилген өрттөн жана башка табигый кырсыктардан турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринин негизинде калктын социалдык аялуу катмарына жеңилдиктер берилген.
Камсыздандыруу үчүн кандай документтер керек?
* камсыздандырлуучунун паспорту.
* турак жайга менчик укугун белгилеген документ.
* турак жайдын техпаспорту.
Камсыздандыруу полиси кайсы мөөнөткө чейин колдонулат?
Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) ал күчүнө кирген учурдан тартып 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.