Бүгүн, 18-октябрда Ак-Сайда дайынсыз болуп жаткан 6 адамдын бирөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, издөө иштеринин натыйжасында саат 12:45ке карата, көчкү түшкөн аймактан 1978-жылы туулган К.К. аттуу жарандын сөөгү табылып, тик учак менен Кумбел тилкесине алынып келинди.
Учурда издөө иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан.