Түн жарымы: «Эмгек» партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өнөктүгүн биринчилерден болуп баштады

2024-жылдын 18-октябрында түнкү саат 00:01де “Эмгек” партиясы салт боюнча биринчилерден болуп Бишкек шаардык кеңешине (БШК) шайлоо өнөктүгүн баштады.

Шайлоого аттанган талапкерлерди колдоо үчүн “Эмгек” партиясынын 200дөн ашуун активисттери жана тарапташтары чогулушту. Түн жарымында чоң экранда өнөктүк башталганга чейин артка санак пайда болуп, Кыргызстандын гимни жаңырды. Андан соң партиянын төрагасы Токтосун Султанов сахнага чыгып, “Эмгек” партиясында жеңишке жетиш үчүн бардыгы – ынтымактуу команда, ырааттуу программасы жана албетте, эң негизгиси – шайлоочулардын колдоосу бар экенин белгиледи.

“Биз жыйынтык үчүн иштөөнү биле турганыбызды буга чейин далилдедик. 2021-жылдагы программабыздын ар бир пункту эсибизде, биз анын көбүн жүзөгө ашырдык жана анын уландысы катары – “Демилгелүү шаар 2.0” программасы менен шайлоого бара жатабыз. Ал жаңыртылган жана жаңы чакырыктарды, борборго кошуган жаңы аймактарды, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаны эске алат”, - деди “Эмгек” партиясынын лидери.

Андан соң партиянын мүчөлөрү – Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер программанын негизги аспектилери менен тааныштырышты. Руслан Шаршенбай уулу партиянын Чоң Чүй каналынын жээктерин шаар чөйрөсүнө ыңгайлуу жана борбордун бүтүндөй түндүгүнө экономикалык кыймылдаткычка айландыруу максатында реконструкциялоо боюнча башталган долбоорду аягына чыгаруу пландары тууралуу айтып өттү. Кирилл Иргизцев «Эмгектин» туристтик потенциалын өнүктүрүү ниети тууралуу айтып берди. Майрамбек Сыргаков партия Бишкектин жаңы кошулган райондорун борборго кантип бириктирүүнү пландап жатканына токтолсо, Тариэл Болотбеков «Эмгек» партиясы Бишкекте киберспортту өнүктүрүүгө шарт түзүүнү көздөп жатканын белгиледи.

Андан соң Токтосун Султанов кайрадан сахнага көтөрүлүп, партия тарабынан иштелип чыккан Бишкектеги жол тыгындары боюнча инновациялык чечимди сунуштады.

"Бул азыркы темир жолдун үстүнөн жүргүнчүлөрдү ташуу системасын куруу. Темир жолдун мындай “экинчи кабаты” жол тыгындарын жеңилдетип, шаардагы кыймылды ыңгайлуу кылып, ылдамдатат. Бул борбордо элдин тыгынсыз жүрүшүн камсыздоочу принципиалдуу жаңы ыкма", - деди ал.

Салтанаттуу иш-чаранын өзүнчө бөлүгүндө «Эмгектин» инсандарын, анын ичинде КРнын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти, «Дордой» спорт клубунун төрагасы, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Шаршеналы Касенов баш болгон эмгек адамдарын сыйлоо болду.

"Мындай партияны жеңүү мүмкүн эмес! Биздин эмгек партиябыз үчүн! «Эмгек» үчүн! Жеңиш үчүн", — деп Шаршеналы Касенов БШКнын депутаттыгына талапкерлерге батасын берди.

Соңунда бардык 51 талапкер сахнага чыгышып, «Эмгек» партиясынын гимнин чогуу аткарышты.

Төлөм «Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Ж.Ж. тарабынан жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан