Бүгүн, 18-октябрь президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан салына турган “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, өлкөдө жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын баса белгиледи. Ал учурда облустардын борборлорунда көп кабаттуу үйлөр салынып жатканын, кийинки жылдан баштап райондордун борборлорунда, шаарларга көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталарын айтты.
“Көптөгөн мекендештерибиз турмуш тиричилигин оңдоп алуу, үй-жайлуу болуу максатында тээ алыскы чет өлкөлөрдө акча табуу үчүн кара жандарын карч уруп иштөөгө аргасыз болуп жатышат. Ошону менен катар көп кабаттуу үйлөр жеке компаниялар тарабынан жигердүү салынып жатканына карабастан, аларга ошол карапайым элибиздин чама-чаркы жетеби, мындай жагдайда мамлекеттин орду кандай болушу керек? – деген суроо келип чыгууда. Ушуга байланыштуу бул маселени чечүүдөгү мамлекеттин ролу жөнүндө ойлонуу зарыл”, - деп билдирди өлкө башчысы.
Ал республикалык бюджеттин көбөйүшү, экономиканын оңоло башташы менен үйгө муктаж жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси МИК аркылуу колго алынганын белгиледи
Айта кетсек, “Ынтымак” турак жай комплексинин жалпы аянты 18 гектар жерине 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда. Комплекстин инфратүзүмүндө жолдор, мектеп, 2 бала бакча, жашылдандыруу жана автотоктотмолор камтылып, көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабаттарында коммерциялык жайлар жайгашат.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күндө ипотекалык батир алуу үчүн Бишкекте 22 миң 573 адам кезекте турган болсо, региондордо 15 миң 400 адам турат. Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42 миң 316 батир салынып жатат.