Чаткалда дайынсыз болгон дагы 3 жарандын сөөгү көчкү алдынан чыгарылды (видео)

Бүгүн, 18-октябрда Ак-Сайда дайынсыз болуп жаткан 6 адамдын үчөөсүнүн жансыз денеси кар көчкүнүн алдынан табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, министрлик буга чейин дайынсыз болгон жарандардын бирөөсүнүн сөөгү табылганын айткан. Учурда дагы эки жаранды издөө иштери уланып жатканын билдирди.
"Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз деп табылган 6 жарандын ичинен төртөөнүн сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди. Калган 2 жаранды издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылган. Ошондой эле бүгүн, 18-октябрда саат 07:30да дайынсыз болуп жаткан алты адамды издөө үчүн тик учак жөнөтүлгөн.
18.10.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан