Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал–Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тазалоо иштери уланууда. Бир тараптуу каттам бар. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жеринде тиешелүү кызматкерлер жана атайын техникалар иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, 16-октябрда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоо бетинен таштар кулап, каттам убактылуу жабылган. Таш көчкүнүн көлөмү болжол менен 3000 метр кубду түзүп, тазалоо иштери дароо башталган.